БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Конституциялык соттун төрагасы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө

Конституциялык соттун төрагасы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө

Сүрөт: УКМК

Конституциялык соттун төрагасы жана башка кызмат адамдары тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 8-декабрда кабарлады. 

 

Маалыматка караганда, Конституциялык соттун төрагасы жана башка жетекчи кызматтагылар судьялардын чет өлкөгө иш сапарларына арналган чакыруу каттарын жашырган. Аларды жакын туугандарын чыгаруу максатында пайдаланышкан. Атайын кызмат аны менен өздөрү жана жакындары чет өлкөгө чыгышканын аныктаган. 

Бул фак боюнча  Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей