БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кечиккен "Коопсуз шаар". Долбоорду ишке ашырууда президенттин жарлыгы бузулганбы?

Кечиккен "Коопсуз шаар". Долбоорду ишке ашырууда президенттин жарлыгы бузулганбы?

"Т-Медианын" коллажы

15-июлдан Ош шаарында "Коопсуз шаар" долбоору ишке кирмек. Бирок дале кабар жок. Эмнеге кечеңдеп жатат? Аны кайсы компания жасамак жана ага канча акча бөлүнгөн? Долбоорду ишке ашырууда президенттин жарлыгы бузулганбы? "Т-Медиа" редакциясы тактап көрдү. 

Ош шаарында "Коопсуз шаар" долбоорунун пилоттук режими ушул жылдын 1-июнунан тарта иштеп баштаган. Анда жол эрежесин бузган айдоочулар сүрөт, видеого тартып алынып, айып пул салынбайт деп айтылган. Ал эми 1-июлдан долбоор толук кандуу ишке кирмек. Бирок буга чейин мэрия 15 күнгө кечеңдеп жатканын биздин редакцияга билдирген болчу. Андан бери деле бир айдан ашты, "Коопсуз шаар" тууралуу эч бир расмий маалымат айтыла элек. 

Тендер качан жарыяланган эле?

2023-жылы октябрда Муниципалдык менчик башкармалыгы "Коопсуз шаар" долбоорунун камераларын сатып алууга 2,5 млрд сомдук тендер жарыялаган. Конкурска жалгыз орусиялык "МегаФон" акционердик коому катышып, жеңүүчү аталган.

Долбоордун биринчи этабында жалпы 60 камера 2024-жылдын 31-мартына чейин орнотулушу керек болчу. Анын 46сы стационардык камералар, бешөө автоунаалардын ичине коюла турган, калган тогузу көчмө камералар. Ал эми экинчи этаптагы 90 камера 31-декабрга чейин коюлат.  

Компания тууралуу эмне белгилүү? 

"Мегафон" Кыргызстанда 2023-жылы 5-сентябрда Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. Демек, "Коопсуз шаардын" тендерин түзүлгөндөн бир айдан кийин утуп алууда. Ээси - Калошин Александр Андреевич. Ал "Мегафондун" эл аралык долбоорлор боюнча директору. Компания былтыр Бишкектеги офиси октябрда жумушун баштаганы жатканын жарыялап, өлкөдө бизнес жана коом үчүн санариптик долбоорлорду ишке ашырууну көздөп жатканын белгилеген.  

"Мегафон" мамлекеттин казынасына 2024-жылдан бери активдүү салык төгө баштаган. "Ачык бюджет" базасынын маалыматына ылайык,  фирма 2024-жылдын январынан баштап бүгүнкү күнгө чейин 22 миллион 176 миң сом которгон.

Эми "Коопсуз шаардын" эмнеге кечеңдеп жатканына токтололу. Ош мэриясына караштуу Муниципалдык менчик башкармалыгы долбоордун мониторинг борбору техникалык жактан толук даяр эмес дейт.  

 "Долбоордон уткан "Мегафон" техникалык тапшырмаларга ылайык сүрөт, видеолорго фиксацияларды берүүгө даяр. Санарип өнүктүрүү министрлиги жана Башкы прокуратура ишке ашырып жүргөндүктөн, мамлекеттик органдардын маалымат система бузуулардын бирдиктүү реестрин интеграциялоо, ушундай даярдыктар убакытты алып койду", -дейт Максатбек Орозалиев.   

Ал эми "Коопсуз шаарды" ишке ашырып жаткан "Мегафон" компаниясы менен байланыша алган жокпуз. 

"Президенттин жарлыгы бузулган" 

Юристтер Ош шаарында "Коопсуз шаарды" ишке ашырууда бир нече мыйзам бузуулар орун алганын айтышууда. Биринчиси - президент Садыр Жапаровдун былтыр майда чыгарган жарлыгы бузулган. Ал документте мамлекет башчы долбоордун тендерин өткөрүүнү Санариптик өнүктүрүү министрлигине жүктөгөн. Бирок Ош мэриясы конкурсту өздөрү жарыялаган.

Экинчиси - тендерге бир гана компания катышкандыгы. 

"Муниципалдык менчик башкармалыгынын өткөргөнү президенттин токтомун бузгандык болот. 2024-жылы 5-февралда өкмөттүн токтому чыгып жатат. Ага чейинки тендер президенттин жарлыгы менен Санарип өнүктүрүү министрлиги өткөрүш керек. Эгерде биринчи турда бир жак эле катышкан болсо өткөрүлбөдү деп саналат. Кайра экинчи тур болот ошондо да бир эле катышуучу болсо анда аны менен түз сатуу жолу менен экинчи турда гана болот. Болбосо бир компания катышса анда конкурс болбоду дегенге жатат", -дейт юрист Союзбек Аманов.  

Мэрия юристтин айткандарын четке кагып, тендер мыйзам чегинде өткөнүн билдирди. 

Жыйынтык: Ошто "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууда өлкө башчынын жарлыгы бузулган. Мындан тышкары конкурстун шарттары да аткарылган эмес. 

Автор: Т-Медиа > 353 статей