БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кооптуу жолдо басууга туура келет. Оштогу тротуар жок жолдордон фотофакт

Кооптуу жолдо басууга туура келет. Оштогу тротуар жок жолдордон фотофакт

1

Ош шаарынын айрым көчөлөрүндө тротуралар жок же болсо да унаа токтотуучу, оңдоочу жайларга айланган. Мындай ыңгайсыздык жарандарды чоң жолдон басууга аргасыз кылат. “Т-Медиа”  калаадагы тротуары жок көчөлөрдөн фотофакт даярдады.

Бул шаардагы унаа токтотуучу жайга айланган тротуарлардын бири. Сүрөт Исхак Раззаков көчөсүндөгү жогорку окуу жайлардын биринин алдында тартылган. Көчө тургундардан сырткары, студенттерге да толгон. Бирок, жол четин унаалар ээлеп алган.

Калаа тургундары тротуардын жоктугу, жол кырсыгына алып келиши мүмкүндүгүн айтышат.

«Бул жол менен үйгө барам. Тротуар жок. Машиналар сигнал басып, сүзүп кетейин дейт. Аларды күнөөлөйүн десем унаа өтүүчү жол да. Бул жерди парковка да кылып алышкан. Ошондо жөө адамдар кайсы жактан басышыбыз керек? Билбейм» – дейт Нурайым Асилбек кызы.

Ушундай эле көрүнүштү Апсамат Масалиев проспектисинен да жолуктурууга болот.

Быйыл шаар казынасынан калаадагы негизги жана ички көчөлөрдү оңдоп түзөөгө 100 миллион сом бөлүнгөн. Бул каражаттын эсебинен тротуарлар оңдолуп, зарыл болгон жерлерге жаңысы салынышы керек. 

«Шаарга 1700-1800 километр тротуар керек. Бизде 695 километр жол бар. Өзү негизи жолдун эки тарабында тротуар болушу керек. Борбордук жолдордо тратуар бар, ички көчөлөрдө жок» – дейт Ош шаардык муниципиалдык жол башкармалыгынын башчысынын орун басары Улукбек Жаныбеков.

Анткен менен борбордук көчөлөрдөгү тротуарларда да суулук салону, окуу жай имараты өндүү жолго чыгып кеткен курулуштар бар.

Ички көчөлөрдүн көпчүлүгүндө бир тараптуу гана тротуар салынган. Төмөндөгү сүрөттө борбордук Ленин көчөсү менен Партизан Арзыкулов көчөсүнүн кесилиши.

Бул Арзыкулов көчөсүндө жолдун эки тарабын унаалар ээлеп турат. Мында бала бакча да жайгашкан. Андан чыккан жаш балдардын чоң жолдон басышына туура келет. Эгерде көчөгө бир аз чоңураак унаа кирсе жолго батуу мүмкүн эмес.

Ошондой эле, Кара-Суу көчөсүндөгү тротуарлар унаа оңдоочу жайга айланган.

Алишер Навои жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишиндеги Рыспай Абдыкадыров филармониясынын каптал бөлүгүндө да жолдун бир тарабы гана тротуар болгон. Башка бөлүгүн жайма базар тосуп турат.

Ал эми, тротуар бар бөлүгүнүн да жарымына имараттын курулулушу чыгып кеткен.

Курманжан Датка көчөсүндөгү Ош мамлекеттик университетинин айланасында да жолдун эки тарабы унаа токтотуучу жайга айланган.

Тротуарсыз жолдорду Аскар Шакиров көчөсүнөн да кезиктиресиз.

Калаадагы бул көйгөй бир топ жылдан бери чечилбей келет. Ош шаардык жол башкармалыгы айрым жолдорго Транспорт министрлиги жооп берерин, көпчүлүк тротуарларды курууга каражат жетпей жатканын себеп кылып келет. 

Автор: Т-Медиа > 355 статей