БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кош бойлуу медайымды сабоого шектелген жаран кармалды

Кош бойлуу медайымды сабоого шектелген жаран кармалды

Сүрөт: УКМК

Улуттук госпиталдын кош бойлуу медайымын сабагоо шектелген жаран кармалып, тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 22-февралда билдириди. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Бейбаштык") менен кылмыш иши козголгон. 

Атайын кызматтын маалыматына караганда, ушул жылдын 19-февралында медайым оор абалдагы бейтапты таңуу учурунда аялды палатадан чыгып кетүүсүн сураган. Бирок эскертүүгө карабастан, кош бойлуу медайымды себепсиз сабаганы аныкталган. Жыйынтыгында врачтын башынын жумшак ткандары көгөрүп, «Боюнан түшүү коркунучу бар» деген диагноз менен ооруканага жаткырылган.

Букга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Улуттук госпиталдын травматология бөлүмүндө кош бойлуу медайымга бейтаптын тууганы кол салганын кабарлаган. Окуя боюнча Биринчи Май райондук милициясы териштирүү иштерин баштап, суракка чакырылган убакта барып турууга макул болуп, бошотулган.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей