БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Коңшу өлкөлөргө баңги сатууга шектелген жаран кармалды

Коңшу өлкөлөргө баңги сатууга шектелген жаран кармалды

Сүрөт УКМК маалымат кызматынан алынды

Кыргызстанда баңги каражаттарын коңшу өлкөлөргө жеткирүүгө көмөктөшүүгө шектелген жаран кармалды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 20-апрелде маалымдагандай, ал баңги сатуу үчүн эл аралык канал уюштурган деп айыпталууда.

Шектүүнүн жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, жалпы салмагы 366,48 граммды түзгөн ооган тектүү "чарс" баңги каражаты табылган. Анын үйү ташылып бара жаткан баңгизаттар үчүн база катары кызмат кылган. Жумасына болжол менен эки килограмм гашиш өтүп турганы айтылды.

УКМК шектүүнү 17-апрелде кармап, тергөө абагына киргизген.  Учурда тергөө иштери уланууда. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей