БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Коюу тумандан улам “Ош” аэропортунда аба каттамдары кармалууда

Коюу тумандан улам “Ош”  аэропортунда аба каттамдары кармалууда

Сүрөт: Манас аэропорту

"Ош" аба майданында коюу туманга байланыштуу 20-январдагы аба каттамдары кармалууда. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, аэропортту таңкы саат 10:00дөн тартып коюу туман каптаган. Буга  30-33 метрден алыс аралыктагы жер көрүнбөй жатат. 

Аэропорт учуулардын убактысы тууралуу кошумча маалымат берилерин билдирди.

Буга чейин 16-январда да аба ырайына байланыштуу Ош шаарына аткарыла турган  Ош-Бишкек, Бишкек-Ош жана Ош-Стамбул, Стамбул-Ош багыттары боюнча авиакаттамдар кармалган.

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей