БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ТИМ: "Крокус Ситидеги" кол салууга шектүү КР жарандыгынан 10 жыл мурда чыккан

ТИМ: "Крокус Ситидеги" кол салууга шектүү КР жарандыгынан 10 жыл мурда чыккан

Алишер Касимов

Тышкы иштер министрлиги Москвадагы "Крокус Сити Холлдогу" террордук чабуулга байланыштуу кармалган Алишер Касимов Кыргызстандын жараны эместигин билдирди. 

Маалыматка караганда, Касимов 2014-жылы президенттин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан. 

"Буга байланыштуу бул жарандын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселеси Кыргызстандын Орусиядагы дипломатиялык жана консулдук мекемелеринин компетенциясына кирбейт", -дейт министрлик. 

Буга чейин Орусиядагы бир катар басылмалар "Крокус Сити Холлдогу" терракка шектелип жаткандарга байланышы бар деп кармалган сегизинчи адам кыргызстандык Алишер Касимов экенин жазышкан. Ал кол салууга айыпталып кармалгандардын бири Шамсиддин Фаридунга батирин ижарага берген болушу мүмкүндүгү айтылган. 

22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарындагы "Крокус Сити" деп аталган борборго төрт куралчан адам кирип барып, концерт көргөнү барган адамдарды аткылай баштаган. Тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (террордук акт) негизинде иш козгоп, териштирүү баштаган.

Орусияда 24-март Аза күтүү күнү деп жарыяланды. 

Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын, алардын төртөө "теракттын катышуучусу" экенин маалымдады. Акыркы маалыматтарга ылайык, концерттик залда каза болгон 139 кишинин 70ке жакынынын тек-жайы такталды. 

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей