БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

«Крокус Ситиде» 100дөн ашык адамды куткарып калган Ислам Халилов«Эмгек» медалы менен сыйланды

"Крокус Ситиде" 100дөн ашык адамды куткарып калган Ислам Халилов"Эмгек" медалы менен сыйланды

Ислам Халилов/ Интернеттен алынды

Москвадагы теракт учурунда 100 дөн ашык адамды куткарып калган 15 жаштагы кыргызстандык Ислам Халиловго Орусиянын муфтийи “Эмгек” медалын тапшырды. 

Ислам Халилов "Крокус Сити Холлдун" кийим илгичинде иштейт. Ал окуя болгон күнү элдин жол таппай башка жакка агылганын байкап, адамдарды тар өтмөктөн "Крокус Экспонун" аймагына чыгарып, андан кийин кызматкерлер колдонгон жол менен көчөгө алып чыккан.

"Азаттык" 15 жаштагы Халилов Москва шаарындагы мектептердин биринде 8-класста окуй тургандыгын, ал орус жарандыгын алган кыргызстандык үй-бүлөнүн уулу экендигин ишенмдүү булактарына таянып жазып чыкты

Буга чейин Орусиянын телеграм каналдары кийим илгичте иштеген өспүрүм бала кол салуу  учурунда 100 дөн ашык адамды аман-эсен куткарып калганын жазган.

Эске салсак, 22-март күнү кечинде Москванын Красногорск шаарындагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында ок атуу болду. Орусия “теракт” деп атап кылмыш ишин козгогон. 

Терактан жалпы 285 киши жабыркап, алардын 133ү каза тапкандыгы үчөө балдар экендиги айтылууда. Ооруканага 144 киши жеткирилген.  

Орусиянын президенти Владимир Путин бул окуяга байланыштуу бүгүн 24-мартты аза күтү күнү деп жарыялды. 

Автор: Осмонова Айдана > 795 макала