БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Крокус Ситиде" 100дөн ашык адамды куткарган кыргызстандык "Эмгек" медалы менен сыйланат

"Крокус Ситиде" 100дөн ашык адамды куткарган кыргызстандык "Эмгек" медалы менен сыйланат

Ислам Халилов/ Интернеттен алынды

Москвадагы теракт учурунда 100 дөн ашык адамды куткарып калган 15 жаштагы кыргызстандык Ислам Халиловго Орусиянын муфтийи "Эмгек" медалын тапшырат. 

Ислам Халилов "Крокус Сити Холлдун" кийим илгичинде иштейт. Ал окуя болгон күнү элдин жол таппай башка жакка агылганын байкап, адамдарды тар өтмөктөн "Крокус Экспонун" аймагына чыгарып, андан кийин кызматкерлер колдонгон жол менен көчөгө алып чыккан.

"Азаттык" 15 жаштагы Халилов Москва шаарындагы мектептердин биринде 8-класста окуй тургандыгын, ал орус жарандыгын алган кыргызстандык үй-бүлөнүн уулу экендигин ишенимдүү булактарына таянып жазып чыкты

Буга чейин Орусиянын телеграм каналдары кийим илгичте иштеген өспүрүм бала кол салуу  учурунда 100 дөн ашык адамды аман-эсен куткарып калганын жазган.

Эске салсак, 22-март күнү кечинде Москванын Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атуу болду. Орусия "теракт" деп атап кылмыш ишин козгогон. Терактан жалпы 285 киши жабыркап, алардын 133ү каза тапкандыгы үчөө балдар экендиги айтылууда. Ооруканага 144 киши жеткирилген.  

Орусиянын президенти Владимир Путин бул окуяга байланыштуу 24-мартты аза күтүү күнү деп жарыялды. 

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей