БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Министрлик "Крокус Ситиде" адамдарга жардам берген кыргызстандыктарды сыйлады

Министрлик "Крокус Ситиде" адамдарга жардам берген кыргызстандыктарды сыйлады

Сүрөт: Эмгек министрлиги

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кыргызстандык Ислам Халилов, Рустам Бакытбеков жана Белек Каныбековго Ардак грамота тапшырды. Алар Москвадагы "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы кол салууда жүздөгөн адамдардын өмүрүн сактап калууда көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн сыйланды.

Ардак грамоталарды 28-март күнү министрликтин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Жаркынай Галиева тапшырган. Жолугушууда ал министр Гүлнара Баатырованын атынан жаштарга, ошондой эле алардын ата-энелерине баатыр жана жан аябас уулдарын тарбиялаганы үчүн ыраазычылык билдирген. 

15 жаштагы Ислам Халилов "Крокус Сити Холлдун" кийим илгичинде иштейт. Ал окуя болгон күнү элдин жол таппай башка жакка агылганын байкап, адамдарды тар өтмөктөн "Крокус Экспонун" аймагына чыгарып, андан кийин кызматкерлер колдонгон жол менен көчөгө алып чыккан. Ислам Москва шаарындагы мектептердин биринде 8-класста окуйт. Ал орус жарандыгын алган кыргызстандык үй-бүлөнүн уулу.

Ал эми 17 жаштагы Белек Каныбеков 15 жылдан бери Москвада жашайт. Ал "Крокус Ситинин" гардеробунда иштечү. Кол салууда элге жардам берип, сыртка чыгуусуна жардам берген. Ал өзү дагы учурда Москва облусунун Красногорск шаарындагы ооруканада дарыланууда.

"Крокус Сити Холлго" куралдуу кол салуу 22-мартта болгон. Имараттагы 6 миңден ашык адамдын кеминде 143ү каза тапты. Окуядан кийин Орусия "терроризм" боюнча кылмыш ишин козгогон. Тергөө комитети буга чейин 12 шектүү кармалганын билдирген. Алардын сегизи камакка алынганы белгилүү.

Автор: Осмонова Айдана > 509 статей