БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Крокус Ситиде" каза болгондор 137ге жетти, анын ичинен үчөө жаш балдар

"Крокус Ситиде" каза болгондор 137ге жетти, анын ичинен үчөө жаш балдар

"Крокус Ситиде" жүргөн ӨКМ кызматкерлери.

Орусияда "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы куралдуу кол салуудан каза болгондордун саны 137ге жетти. Бул 24-мартка карата маалымат. Каза болгондордун 62си ким экени боюнча маалымат такталып, аныкталганын өлкөнүн Тергөө комитети билдирди.

22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарындагы "Крокус Сити" деп аталган борборго төрт куралчан адам кирип барып, концерт көргөнү барган адамдарды аткылай баштаган. Тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (террордук акт) негизинде иш козгоп, териштирүү баштаган.

Орусияда 24-март Аза күтүү күнү деп жарыяланды. Каза тапкандардан тышкары жараат алгандар 150дөн ашык адам.

Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын, алардын төртөө "теракттын катышуучусу" экенин маалымдады. Ал эми Ички иштер министрлиги кармалган төрт киши тең чет элдик экенин маалымдады, бирок кайсы өлкөнүн жарандары экенин тактаган жок.

Орус бийлигине жакын бир катар Телеграм-каналдар жана саясатчылар кармалгандар Тажикстандын жарандары же орус паспорту бар тажик улутундагы адамдар экенин жазып чыгышты. Москва расмий түрдө андай маалымат бере элек.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги каза тапкандар же жараат алгандар арасында кыргыз жарандары бар же жогу боюнча маалымат текшерилип жатканын кабарлаган.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей