БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Кубаттагычты токко сайып калтырбаңыз". ӨКМ эмнелер өрткө себеп болушун эскертти

"Кубаттагычты токко сайып калтырбаңыз". ӨКМ эмнелер өрткө себеп болушун эскертти

Сүрөт интернеттен алынды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кадимки уюлдук телефонуңуздун кубаттагычы өрттүн келип чыгышына алып келиши мүмкүндүгүн эскертти. Коопсуздук үчүн төмөнкү эрежелерди сактоону сунуштаган.

- Уюлдук телефондун кубаттагычын токко сайган бойдон калтырбаңыз. Техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам электр кубаты кескин жогорулап кетиши мүмкүн. Бул кубаттагыч ысып, түтөп, өрттөнүшүнө алып келет;

- Заманбап телефон кубаттагычы өрткө каршы системасы менен жабдылган. Бирок көп колдонулганда анын ички тетиктери эскирет. Өзгөчө арзан баадагы жана үч жылдан ашык пайдаланылган кубаттагыч буюмдар өрт кырсыгына кептейт;

- Кубаттагыч ысып кеткенин байкасаңыз, аны алмаштырганыңыз оң;

- Кубаттагычты, телефонду, планшеттерди күндүн нуру түз тийген жерге коюуга болбойт;

- Телефонду токко сайып алып иштеткенге болбойт;

- Кубаттагычты электр тогуна сайганда кароосуз калтырбаңыз. Айрыкча кичинекей балдардын колу жетпегендей болушу керек жана анын чубалгысы менен ойноосуна жол бербеңиз. 

Электр чыңалуусунун кубаттуулугу катуу шамал, бороон болгондо, жаан жааганда, чагылган түшкөндө көп болот. Бул кезде бардык үй-тирчилик буюмдарын электр тогунан ажыратып коюу ишенимдүү. Токтун чыңалуусу эң сапаттуу тиричилик буюмдарын бузушу  толук мүмкүн.

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей