БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Кумтөрдө кызыл китепке кирген 140дан ашык аркар байырлайт. Сүрөттөр

Кумтөрдө кызыл китепке кирген 140дан ашык аркар байырлайт. Сүрөттөр

Сүрөт: Кумтөр

Кумтөр алтын кенинин экологдору кызыл китепке кирген аркарлардын так санын билүү үчүн мониторинг жүргүзгөн. Натыйжада ал жерде 140дан ашык аркарлар байырлап жатканын аныкташкан.

Алтын кенде жалгыз жана кыркка чейинки жоон тобу менен жүргөн аркарлардын үйүрлөрү байкалган.

Кыргызстанда кызыл китепке кирген жаныбарлардын саны туруктуу көзөмөлгө алынып, популяциясы иликтенип турат. Кээ бирлери атайын коруктарда корголуп, жашоо чөйрөсү сакталат.

Мыйзамга ылайык, аркар, бугу-марал, аюу атып алган мергенчилерге 1 миллион сом айып салынат. Кызыл китепке кирген жаныбарлардын терилерин колдонгондорго салына турган айыптын өлчөмү 1,5 млн сомду түзөт.

Автор: Улукбек кызы Асем > 428 макала