БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Курулуш компаниялар бала бакча жана мектеп курууга милдеттендирилиши мүмкүн

Курулуш компаниялар бала бакча жана мектеп курууга милдеттендирилиши мүмкүн

Жасалма интеллект тарткан сүрөт

Курулуш компаниялар көп кабаттуу үйүнүн жашоочуларынын санына жараша бала бакча, мектеп курууга милдеттендирилет. Мындай демилге даярдалып жатканын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев парламенттин жыйынында билдирди. 

Төрөбаев бул тууралуу депутат Дастан Бекешевдин Бишкекте мектеп жетишсиздиги көйгөйү кантип чечилиши боюнча суроосуна жооп берип жатып айтты. 

“Алар (Курулуш компаниялар) көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча алдын ала планын бизге көрсөтөт. Биз ал жакта чарчы метрине канча батир болот, канча адам жашашына жараша курулуш компанияларды бала бакча, мектеп жана башка социалдык объектилерди курганга милдеттендиребиз. Норманы иштеп чыгып жатабыз”, — деди Төрөбаев.

Мындан тышкары, Билим берүү министри Догдургүл Кендирбаеванын айтымында Сауд өнүктүрүү фонду да мектеп курууга 50 млн доллар бөлгөнү жатат. Аны ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору жакында парламенттин кароосуна киргизилет.

Анткен менен депутат калаада билим уясын курууга жер калбай баратканы да маселе экенин белгилеп жатат. 

Көп кабаттуу үйлөр тынбай курулуп жатат. А балдар кайсыл жерде окуйт ойлонбой элебиз. Бишкекте орун жок (мектеп курганга). Жер калбай калды” - деди Бекешев.

Азыр Бишкек шаарындагы мектептерде 50 миң окуучуга орун жетишсиз.

 

Автор: Анарбаева Наргиза > 156 статей