БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Курулуш компаниялары салган үйлөрдүн 5%ын Ош, Бишкек мэрияларына берүү сунушталды

Курулуш компаниялары салган үйлөрдүн 5%ын Ош, Бишкек мэрияларына берүү сунушталды

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстанда курулуш компаниялары салган турак жайдын беш пайызын Бишкек жана Ош шаарларынын мэриясына акысыз берүүгө милдеттендирүү сунушталууда. Тийиштүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев демилегелеп чыккан.  

Мыйзам долбоору 12-апрелден тартып коомдук талкууга коюлган. Ага ылайык, куруучу компания долбоор кабыл алынгандан кийин эки айдын ичинде республикалык маанидеги шаарлардан каттоодон өтүш керек. Андан кийин батирлердин беш пайызын мэрияга өткөрүп, техникалык паспортторду алууга милдеттүү болот. 

Мыйзам жер тилкесин убактылуу пайдаланууга алган куруучуларга тиешелүү экени, ал эми мэрия батирлерди муктаждарга акысыз берери айтылган.

Ошондой эле сунуштун ипотекалык турак жайларга тиешеси жок экени да белгиленген.

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей