БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
“Кылым Банк” мамлекеттик банкы түзүлдү
Министрлер Кабинети 100% мамлекеттин катышуусу менен уставдык капиталы бир миллиард сом болгон “Кылым Банк” ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө токтом кабыл алды. Бул тууралуу маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, банк борбордук контрагент, улуттук депозитарий жана номерлөөчү агент болуп дайындалган. Ошондой эле банк операцияларын, эсептешүүлөрдү, клирингди, баалуу кагаздарды сактоону жана эсепке алууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укук алган.
Буга ылайык, Каржы министрлигине зарыл болгон процедураларды, анын ичинде лицензиялоону жана каттоону камсыз кылуу милдети жүктөлдү. Ал эми президентинин иш башкармалыгына “Кылым Банк” ААКны техникалык камсыздоо, байланыш кызматтарын көрсөтүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү жана банк туруктуу иштей турган имарат табуу тапшырмасы берилген.
Кыргызстанда “Элдик банк” жана “Айыл банк” мамлекеттик болуп эсептелет.
Ушул тапта өлкөдө жалпысынан 21 коммерциялык банк иштейт.
Автор: Боромбаев Максат > 157 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat