БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Күйүүчү майдын литрине бир сомдон алып жол оңдоо сунушталууда. Бул баага кандай таасир этет?

Күйүүчү майдын литрине бир сомдон алып жол оңдоо сунушталууда. Бул баага кандай таасир этет?

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта күйүүчү майды милдеттүү маркалоо ыкмасы киргизилген. Ага катар Жогорку Кеңеште ар бир литр бензинден бир сомдон чогултуп алуу мыйзамы талкууланып жатат.  Мунун баары өлкөгө эмне үчүн керек? Ал күйүүчү майдын баасына кандай таасир этиши мүмкүн? Талдап көрөбүз.

Кыргызстанда ар бир литр күйүүчү майга бир сомдон алып, чогулган каражатка жолдорду оңдоо сунушталып жатат. Мыйзам долбоорун Транспорт министрлиги демилелеп, парламент аны биринчи окууда талкуусуз колдоп берди. Бул негизи былтыртан бери эле көтөрүлүп келе жаткан демилге. Министрлик документти алгач сунуштаганда "жолду ким көп унаа айдаса, ошол бузат" деген жүйө келтирген эле. Бул жолу мыйзам кабыл алынса бардык ички жолдорду өз карамагына алып, чогулган акчага жолдорду оңдойбуз деп убадалап жатышат.

"Эгерде мыйзам кабыл алынса, бардык ички жолдорду өзүбүздун баланска алынып, тейлөөгө шарт түзүлөт. Бүгүнкү күндө айыл өкмөттөрдүн кармагындагы жолдор сапаты начар, айыл өкмөттүн бюджетти жетишсиз. Ошого жардам болот деген максатта бул долбоорду киргизип жатабыз",-деген Транспорт жана коммуникация министри Абсаттар Сыргабаев. 

Сунуш боюнча күйүүчү майдын литрине бир сомдон салыктык эмес жыйым төлөнөт. Аны ишкерлерден чогултабы же куюучулар төлөйбү чечиле элек. Ал эми каражаттар Жол фондуна топтолот. Министр мындай тажрыйба Казакстан, Беларус, Азербайжан, Грузия өлкөлөрүндө иштеп жатканын мисал келтирип жатат. 

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Жол фондуна ансыз да жыйымдар түшүп жатканда бул долбоорду кайталанма деп мүнөздөшкөн. Кээ бири мыйзам кабыл алынса, автоунааны каттоодогу төлөмдү жокко чыгарууну сунушаган эле.

"Бул кайталанма эле салык болууда да. Салык органдары 5 миң сом бир тоннадан алат, силер кошумча Транспорт министрлиги  дагы бир литирине дагы бир сом алып, ошонун баары Жол фондуна" -деген депутат Элдар Абакиров. 

Мыйдан демилге күйүүчү майдын баасына таасир этиши божомолдонуп, айдоочулардын айрымдары нааразы болууда. 

“Эл кыйналып жатат. Башка айрым нерселерге салык төлөп жатпайбызбы. Башка жолдору деле бар, ошолорду колдонсо жакшы болмок. Чындыгында эле жолго кетсе, кошуш керек. Ал акчалар жолго кетпейт да",-дейт айдоочулардын бири. 

Ал арада Кыргызстанда 1-октябрдан тартып күйүүчү майды милдеттүү маркалоо ыкмасы киргизилген. Мында Кыргызстанга май ташып келген компаниялар мунайзатты акциздик маркалоодон өткөрүүгө бир литр үчүн 37 тыйындан төлөшөт. Нефтетрейдерлер ассоциациясы маркалоо эрежеси киргенде эле "күйүүчү май кымбаттайт"деп кулак каккан болчу. Мекеменин жетекчиси Канат Эшатов эми Жол фондуна акча чогултуу демилгеси да колдоо тапса, наркты көтөрбөй коюу канчалык мүмкүндүгүн айтып берди.

"Мыйзам долбоору күчүнө кире турган болсо, анда күйүүчү майга болгон баанын бир сомго жогорулашына алып келет. Анткени бүгүнкү биздин муңай сатуучулар үстөк акча кошпойт. Болгону бир пайызга жетпеген эле акча кошулат".

Ушу тапта Бишкекте бензиндин баасы алтымыш жети сом. Ал эми дизелдин баасы жетимиш сомго чамалайт. 

Автор: Осмонова Айдана > 797 макала