БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Кыргыз балбаны дүйнө чемпионатында күмүш байге утту
Кыргыз балбаны Орозобек Токтомаматов 23 жашка чейинкилер арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль жеңди.
Спортчу 74 кг чейинки салмакта күч сынашкан. Алгач азербайжандык, түркиялык, орусиялык балбандарды жеңип, финалда жапониялык спортчу Кота Такахашиге утулуп калды.
23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпионаты Албаниянын Тирана шаарында өтүп жатат. Буга чейин грек-рим күрөшүнөн Раззак Бейшекеев алтын, Асан Жанышов коло медаль уткан.
Автор: Анарбаева Наргиза > 175 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat