БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргыз курамасы Түндүк Кореяны 1:0 эсебинде жеңди

Кыргыз курамасы Түндүк Кореяны 1:0 эсебинде жеңди

Сүрөт: Кыргыз футбол биримдиги

Футбол боюнча кыргыз курамасы Түндүк Кореяны 1:0 эсебинде жеңди. Оюндагы жалгыз голду 11-мүнөттө Християн Браузман киргизди.

Муну менен улуттук курама тандоо оюндарынын үчүнчү раундундагы алгачкы үч упайды алып, А тайпада бешинчи орунду ээледи. Ал эми алтынчыга Түндүк Корея түштү. 

Мелдештер 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-раундунун алкагында өтүп жатат. Ак шумкалар бул баскычта Иран, Катар, Өзбекстан, ОАЭ жана Түндүк Корея курама командалары менен беттешет.

Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо турунун оюндары 2024-жылдын сентябрынан 2025-жылдын июль айына чейин өтөт. Беттештердин жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эки мыкты команда чемпионатка жолдомо алат. Тайпаларда үчүнчү жана төртүнчү орунду ээлеген командалар 4-квалификациялык раундда эки жолдомо үчүн күрөшүп, плей-офф оюндары аркылуу Дүйнө чемпионатына дагы бир жолдомо ойнотулат.

Дүйнө чемпионаты 2026-жылы АКШнын, Мексиканын жана Канаданын 16 шаарында өтөт. Ага 48 курама команда катышат.

Автор: Осмонова Айдана > 647 статей