БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Олимпиадага параддык формада "361" белгиси эмнеге коюлган?

Олимпиадага параддык формада "361" белгиси эмнеге коюлган?

Сүрөт интернеттен алынды

Парижде 26-июлда жайкы Олимпиада оюндары башталат. Ага кыргызстандык спортчулардын кийип бара турган формасы коомчулукта кызуу талкууга түштү

T-Media параддык формага "361" белгиси эмнеге коюлганын, Кыргызстан кантип бул компания менен кызматташып калганын жана параддык форма менен спорттук форманын айырмасын түшүндүрүп бергенге аракет кылабыз.

Дароо эле айталы, бул - кыргыз курамасынын параддык формасы. Аны спортчулар Олимпиаданын ачылуу, жабылуу аземдерине киет. 

Бул болсо спорттук форма. Ал мелдешке катышуу, машыгуу учурунда кийилет. 

Курама команданын ушул параддык формасын кыргыз дизайнерлерлери даярдаган. Ал мамлекеттик туунун түсүндө тигилип, бир комплектиси 36 миң сом турат. Анын ичинде кофта, кыздарга юбка, балдарга шым, күрмө жана бут кийими бар. 

Кыргызстанда тигилген формага эмнеге кытайлык компаниянын эн белгиси коюлган?

Бул формадагы 361 жазуусу кытайлык компаниянын эн белгиси. Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев Кыргызстан бул компания менен 2022-жылы келишим түзгөнүн айтат. Анда компания өлкөгө 2022-жылдагы Азия жабык имараттагы оюндарына, 2023-жылдагы Азия оюндарына, Олимпиадалык оюндарга жалпы 600 спорттук форманы акысыз бермек болгон. Ал үчүн Кыргызстан параддык формасына бул компаниянын эн белгисин коюуга милдеттенме алган.

"Алар 600 форма өткөрүп бермек. Бир форманын баасы 100 миң сомдон ашмак. 2022-жылы боло турган жабык имараттар оюндары жылып кетип, өтө элек. 2023-жылы Азия оюндарына 200дөн ашык форма алдык. Олимпиада оюндарына алып жатабыз" .

Токтоналиев быйыл параддык форманы ата мекендик “Модный дом” компаниясынын эле кыргыз дизайнерлери иштеп чыгып, тигип бергенин билдирди. Бирок келишим бар болгон үчүн кытайлык компанияны да көрсөтүшкөн. 

"Ата мекендик дизайнерлер тиксе да 361 белгисин койду. Себеби, келишимде "өзүңөрдүн формаңарды тигип, улуттук символика менен параддык форма тиге турган болсоңор биз менен макулдашкыла" деген жери бар. Биз Олимпиадага дизайнды өзүбүз тандап, анан ошол дизайн менен кытайлык компанияга тиктирели дегенбиз. Тилекке каршы, үлгүрбөй калдык. Себеби, ноябрь-декабрда жарыялаган конкурсубузга эч ким катышпай койду. Андан кийин январда жарыяладык, эч ким катышпай үч гана дизайнер катышты. Ошолордун ичинен “Модный Домдун” формасы жактырылган", - деди Токтоналиев. 

361 Интернешнл Лимитед компаниясы Кытайда 2003-жылы негизделген. Ал спорттук кийимдерди жана бут кийим өндүрүп таанылган бренддердин бири. Алардын сайтында компания Кытайдагы спорттук оюндарга анын ичинде Азия оюндарына да өнөктөш болуп келери тууралуу маалымат бар. 

Кыргыз курама командасынын бул жолку параддык формасы айрымдардын сынына калса, кээ бирлер аны ашыкча жасалгасы жоктугу үчүн мактап жатат. Ал эми бийлик "бул дизайнды тандап алууга атайын конкурс өткөрүлдү" дегени менен айрым дизайнерлер эч кандай ачык сынак болбогонун айтууда айтууда. 

2021-жылы Токиодо өткөн Олимпиадага кийилүүчү форма дагы коомчулуктун сынына калган эле. Аны "Дилбар" мода үйү ар бир комплектисин 95 сиң сомго баалап, тигип берген. 

Жыйыктыктап айтсак, кыргыз курмасынын Олимпиадага кийген параддык формасы Кыргызстанда тигилип, дизайны жасалган. Кытайлык компаниянын эн белгиси келишим бар болгон үчүн гана коюлган. 

Жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 17-августка чейин Парижде өтөт. Мелдешке Кыргызстандан Акжол Махмудовдун башчылыгында 16 спортчу катышат. Биз спортчуларга ийгилик каалайбыз.

Автор: Анарбаева Наргиза > 140 статей