БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргыз-кытай чек арасы бир күнгө жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы бир күнгө жабылат

Сүрөт: Министрлер кабинетинин маалымат кызматы

1-майда кыргыз-кытай чек арасы коңшу өлкөдөгү майрамга байланыштуу убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады. 

Маалыматка ылайык, Кытай тараптын демилгеси менен Эмгек күнүн майрамдоого байланыштуу "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрмө бекеттери автоунааларды жана жүктөрдү өткөрүүнү убактылуу токтотот. 

Өткөрүү пункттары 2-майдан тарта кадимки тартипте иштей баштайт.

Автор: Т-Медиа > 352 статей