БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргыз-кытай чек-арасында жер силкинди

Кыргыз-кытай чек-арасында жер силкинди

https://kaktus.media/

4-февраль саат 07.18де кыргыз-кытай чек-арасында күчү беш баллга жеткен жер титирөө катталды. Зилзаланын очогу Кытайда, Бедел айылынан 45 чакырым түштүк-чыгышта, Каракол шаарынан 146 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун маалыматына караганда, Бедел айылында жердин термелүүсү 3 баллга жеткен.

Жалпысынан акыркы суткада кыргыз-кытай чек арасында күчү 4,5-5 баллга чейин жеткен алты жер титирөө катталды. Алардын көбү Кыргызстандын чыгыш тарабында сезилген. Белгилей кетсек, булардын баары 23-январда болгон негизги жер титирөөдөн кийин уланып жаткан афтерсилкүүлөр. Жер титирөөлөр эки сааттан эки жумага чейин созулушу мүмкүн.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей