БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ташиев менен Ятимов Тажикстанда жолугуп, чек араны сүйлөштү

Ташиев менен Ятимов Тажикстанда жолугуп, чек араны сүйлөштү

амчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун Бустондогу жолугушуусу. Сүрөт: Минкаб

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов  коңшу өлкөнүн Согд облусундагы Бустон шаарында жолукту. Алар кыргыз-тажик чек арасынын чечиле элек тилкелерин делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин талкуулады. Бул тууралуу 6-июлда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. 

Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын (УКМК) башчылары жумушчу топторго конкреттүү тапшырмаларды беришти. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өткөнү кабарланды. Кийинки жолугушуу Кыргызстанда болот.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин чек аранын 519 чакырымы такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан. 

Президент Садыр Жапаров былтыр 11-декабрда Баткендин Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөп жатып, Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айына чейин такталып каларын белгилеген.

Автор: Т-Медиа > 355 статей