БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргыз-тажик чек арасы: топографиялык жумушчу топтордун жолугушуусу өттү

Кыргыз-тажик чек арасы: топографиялык жумушчу топтордун жолугушуусу өттү

Сүрөт: Министрлер кабинети

Тажикстандын Согди облусунда 5-майдан 11-майга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, анда тараптар кыргыз-тажик чек ара тилкелери боюнча сунуш-пикирлерин билдирген. Калган тилкелер боюнча ишти Кыргызстанда боло турган кийинки жолугушууда улантылат. 

Эске салсак, 24-29-март күндөрү Баткенде  кыргыз-тажик чек арасын тактаган эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык топторунун кезектеги жолугушуусу болуп, анда 28,37 чакырым тилке макулдашылган. 

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин чек аранын 519 чакырымы такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан. 

Президент Садыр Жапаров былтыр  11-декабрда Баткендин Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөп жатып, Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айына чейин такталып каларын белгилеген.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей