БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргыз-тажик чек арасынын 13,98 чакырымы боюнча макулдашылды

Кыргыз-тажик чек арасынын 13,98 чакырымы боюнча макулдашылды

Сүрөт: Министрлер кабинети

12-18-октябрь күндөрү Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди. 

 

Жолугушууда жумушчу топ кыргыз-тажик чек арасынын 13,98 чакырымы боюнча макулдашкан. Тараптар эми калган тилкелер боюнча сүйлөшүүнү Кыргызстанда өтө турган жолугушууда улантат.

Буга чейин топографиялык топтор чек ара тилкесинин 43,32 чакырымын макулдашканы айтылган.

16-октябрда эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов баштаган өкмөттүк делегациялар Тажикстандын Бустон шаарында жолугушкан. Анда топографиялык жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топторго чек арага байланыштуу бардык иштерди жандантуу тапшырмасы берилгени айтылган.

Автор: Т-Медиа > 355 статей