БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргыз-тажик чек арасынын 3,71 чакырымы такталганы кабарланды

Кыргыз-тажик чек арасынын 3,71 чакырымы такталганы кабарланды

Сүрөт: Министрлер кабинети

5-февралда Баткен шаарында Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болду. Анда кыргыз-тажик чек арасынын 3,71 чакырымы макулдашылганын Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди. 

Жолугушу 30-январдан 5-феврлалга чейин уланган. Тараптар калган аймактарды сыпаттоо иштерин Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантышары айтылды.  

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. 

Буга чейин 10-январдан 16-январга чейин эки тараптын жолугушуусу болуп, анда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 38,35 чакырымы макулдашылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин чек аранын 519 чакырымы такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан. 

Президент Садыр Жапаров 11-декабрда Баткендин Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөп жатып, Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айына чейин такталып каларын белгилеген.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей