БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 1,11 чакырымы макулдашылды

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 1,11 чакырымы макулдашылды

Сүрөт: Минкаб

Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйыны өттү. Жолугушуу 11-18-февраль күндөрү Тажикстандын Бустон шаарында болгонун Кыргызстандын Министрлер кабинети билдирди.

Анда эки тарап чечиле элек аймактарда биргелешкен изилдөө иштерин жүргүзүп, кыргыз-тажик чек арасынын 1,11 чакырымы боюнча макулдашкан. 

Кийинки жолугушуу Кыргызстандын аймагында өтүп, калган аймактар боюнча ишти уланары айтылды.

Буга чейин 30-январдан 5-феврлалга чейин эки тараптын жолугушуусу болуп, анда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 3,71 чакырымы макулдашылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин чек аранын 519 чакырымы такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан. 

Президент Садыр Жапаров былтыр  11-декабрда Баткендин Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөп жатып, Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айына чейин такталып каларын белгилеген.

Автор: Улукбек кызы Асем > 336 статей