БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 28,37 чакырым тилкеси макулдашылды

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 28,37 чакырым тилкеси макулдашылды

Сүрөт: "Минкаб"

Баткенде 24-29-март күндөрү кыргыз-тажик чек арасын тактаган эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинети кабарлап, эки тарап дагы 28,37 чакырым тилке тууралуу макулдашканын белгиледи.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Кийинки жолугушуу Тажикстанда өтөрү айтылып, бирок датасы тууралуу маалымат берилген жок.

Буга чейин 11-18-февраль күндөрү эки тараптын жолугушуусу болуп, анда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 1,11 чакырымы макулдашылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин чек аранын 519 чакырымы такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан. 

Президент Садыр Жапаров былтыр  11-декабрда Баткендин Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөп жатып, Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айына чейин такталып каларын белгилеген.

Автор: Улукбек кызы Асем > 257 статей