БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча документ январда ЖКга киргизилет

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча документ январда ЖКга киргизилет

Сүрөт: Министрлер кабинети

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча документтер Жогорку Кеңешке 2025-жылдын январында киргизилерин билдирди. Бул тууралуу ал парламенттин 11-декабрдагы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты. 

"Тажикстан менен чек араны толук такташып, макулдашууну бүтүрдүк. 11-декабрда картографияны сызып даярдап баштайбыз. Бардыгы ачык-айкын болот. Ар бир тилке, айыл, жер, көпүрө боюнча отчет берүүгө даярмын. Кудай буюрса чек ара эки тараптуу, достук келишимде чечилди. Чек ара чечилгенде "сен уттуң, мен уттум" деген болбойт".

Эске салсак, Министрлер кабинети  4-декабрда кыргыз-тажик чек арасы такталып бүткөндүгүн, жумушчу топторго жыйынтыктоочу документтерди даярдоо боюнча тапшырмалар берилгенин билдирген. 

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин чек аранын 519 чакырымы такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан.

Автор: Осмонова Айдана > 795 макала