БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Кыргыз темир жолу" ишканасы сатылары тууралуу маалымат – фейк

"Кыргыз темир жолу" ишканасы сатылары тууралуу маалымат – фейк

Коллаж

Социалдык тармактарда "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы жеке тараптарга сатыла турганы тууралуу маалымат тарап жатат. Аны алгач Акжолтой Тукунов аттуу "Фейсбук" колдонуучусу жазып чыккан

https://lh7-us.googleusercontent.com/nACrC_4yqpdxOQxB-eremFpvg1VXGVKqDtN0iooSQcIfv4tTF5d_tCyAjnQpQkx6K6b-1LHjt_i3WM839BPpKWIwzmUg7tccTFyJaSFVlJkxmdOlY1vbHGaYOUplU0BGgxAz4AwldDmCV4cpnbjqkR4

Тукунов бул билдирүүнү жазгандан кийин экинчи жолу да кайрылуу жасап, маалыматты кайдан укканын айтып берген

"Көчөдө кетип баратсам, бир бала саламдашып кат таштаган. Анда "Бишкек темир жолу" ишканасы сатылганы жатат" деп жызылыптыр. Анан каттын аркасына "мен байланышып турам" деп жазып коюптур. Темир жол ишканасында биздин балдар иштешет. Алардан да чалып сурасам, "ошондой имиш кептер чыгып жатат. Сатылганда дагы 51% логистикасы сатылып атат, акционердик коомго иш кагаздарды камдатып жатат" деп уктук деген. Биз президент, Башкы прокуратура, УКМК, Эсептөө палатасына "текшерип бериңиздер" деп кат жазабыз", - деген Тукунов.

Биздин редакция маалыматтын чын-төгүнүн бышыктоо үчүн "Кыргыз темир жолу" менен байланыштык. Мекеменин басма сөз катчысы Элмира Шерипова аны төгүндөп, маалымат эмнеден улам пайда болгонун билбей турганын айтты. 

"Бул билдирүүгө биздин кызматкерлер жооп берген. Биздин компания сатылат деген маалымат туура эмес. Бул жалган". 

Транспорт министрлигинин маалымат катчысы да бул постко жооп берип, ишкана текерисинче чоң долбоорлордун алкагында иштеп жатканын, сатылбай турганын жазган

Негизи "Кыргыз темир жолу" мекемеси сатылат деген имиш сөздөрдүн бул биринчиси эмес. 2019-жылы да ишкана Орусияга сатылары тууралуу маалыматтар тараган. Анда бул билдирүү аталган мекеменин жетекчиси "Орусия темир жолу" ачык акционердик коомунун башкы директору менен жолугушкандан кийин пайда болгон эле. Ишкана бул маалыматты төгүндөп, такталбаган билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырган. 

"Кыргыз темир жолу" жылына 7 млн. тоннадан ашык жүк ташыган, өлкөдөгү ири салык төлөөчүлөрдүн бири экени айтылып келет. Мекеме учурда Бишкектен Токмок жана Кара-Балтага, өлкөдөн сырткары Самара, Шу, Казань, Новосибирскке жүк жана жүргүнчү ташыйт. 

Жыйынтык: "Кыргыз темир жолу" ишканасы жеке тараптарга сатылаары тууралуу маалымат жалган.

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей