БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргыз-өзбек чек арасында жаңы бекет ачылат

Кыргыз-өзбек чек арасында жаңы бекет ачылат

Үчкоргон районунда курулуп жаткан бекеттин эскизи

Өзбекстандын Наманган облусунунун Үчкоргон районунда өлкөнү Кыргызстан менен байланыштырган чек ара бекети курула баштады. Бул тууралуу УЗА агенттиги маалымдады.

Эки өлкө былтыр аймактар аралык, анын ичинде Наманган жана Жалал-Абад облустарынын ортосундагы өз ара байланыштарды чыңдоону макулдашкан. Агенттиктин маалыматына караганда, келишимдер өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке келгенде түзүлгөн.

Наманган облусунун башчысы Шавкат Абдураззоков аталган чек ара бекетинин курулушунун жүрүшү менен таанышып, ишти тез жана сапаттуу бүтүрүү боюнча жетекчилерге тиешелүү тапшырмаларды бергени кабарланган.

Курулуп жаткан "Үчкоргон" чек ара бажы бекети Үчкоргон районундагы Учурган – Маданият жолунун 10-чакырымында жайгашкан. 

2005-жылкы Анжиян коогасынан кийин Өзбекстан Кыргызстан менен бардык чек араларын жапкан. 2017-жылы бийликке Шавкат Мирзиёев келгенден кийин алгач Ош облусундагы "Достук" чек ара бекети эки элдин каттоосу үчүн ачылган.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей