БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

«Кыргызкөмүрдүн» түштүк филиалынын мурдагы жетекчиси кармалды

"Кыргызкөмүрдүн" түштүк филиалынын мурдагы жетекчиси кармалды

УКМК тараткан сүрөт

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын түштүк филиалынын мурдагы жетекчиси Ж.М.Ш. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы 6-декабрда кабарлады. 

 Атайын кызмат тараткан маалыматта ал мөңгүлөрдү талкалап, тиешелүү органдар менен макулдашпастан Оштун Кара-Суу районундагы "Загара-2" кенине автожол курууну баштаганы айтылат.

"Мекеменин түштүк филиалынын жетекчилиги "Кыргызгипрозем" ишканасына пландалган жол куруу багыты боюнча координаталык чекиттерди көрсөтүү менен жер жөнүндө түшүндүрмө алуу үчүн кайрылган. Ошондой эле "Загара-2" кенинде экологиялык экспертизанын оң корутундусун алуу үчүн Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Ош аймактык башкармалыгына бир нече жолу кайрылган. Бирок аталган башкармалык экспертизанын корутундусун макулдашуудан баш тарткан” -деп айтылат билдирүүдө.

 Жыйынтыгында 14 миллион 978 миң 480 сомдук экологиялык зыян боюнча корутунду алынган. Ал эми "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын түштүк филиалынын жетекчиси Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 298-беренеси “Иш жүргүзүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин бузуу”) менен айыпталып кармалган. Учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Атайын кызмат тараткан Ж.М.Ш. инциалдары быйыл октябрь айында кызматтан алынган Муктарбек Жолдошовдин аты-жөнүнө туура келет.

Автор: Осмонова Айдана > 821 макала