БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстан абанын сапатын жакшыртуу үчүн 50 млн доллар насыя алат

Кыргызстан абанын сапатын жакшыртуу үчүн  50 млн доллар насыя алат

Ош шаары/ Сүрөт: Белек Мусаев

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын расмий сайтына 17-майда жарыяланды.

Мыйзам 2024-жылдын 18-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ага ылайык, Кыргызстан абанын сапатын жакшыртуу долбоорун ишке ашыруу үчүн Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 50 миллион доллар насыя алат. Ал төмөнкү максаттарга жумшалат:

- Абанын сапатын көзөмөлдөөчү автоматташтырылган станцияларды куруу жана модернизациялоо аркылуу абанын сапатын башкаруу системасын бекемдөө;

- Абанын сапатын текшерүү үчүн химия лабораториясын жаңыртуу;

- Абанын сапатын контролдоо жол-жоболорун күчөтүү чөйрөсүндө техникалык көмөк көрсөтүү;

- Аабанын сапатын болжолдоо жана эскертүү ыкмалары;

- Жеке үйлөрдү жылытуу үчүн таза технологияларды киргизүүгө көмөктөшүү;

- Бишкек шаарын жашылдандыруунун туруктуулугун камсыз кылуу үчүн ирригациялык системаларды куруу.

Акыркы жылдары Бишкек жана Ош шаарларында абанын булганышы байкалып, негизги көйгөйгө айланды. Өзгөчө жылытуу мезгили башталганда шаарлардын үстүн ыш кара түтүн каптайт. Кир аба ден соолукка олуттуу коркунуч жаратарын экологдор дайыма айтып келишет.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей