БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстан Казакстанга 300 тонна гумжардам жөнөттү

Кыргызстан Казакстанга 300 тонна гумжардам жөнөттү

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстан 6-апрелде Казакстандагы суу каптоодон жабыр тарткандарга гуманитардык жардам жөнөттү. Өлкөнүн атынан жиберилген жардамды Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жеткирип берет.

Казакстанга күрүч, кумшекер, кесме, таттуу азыктары, кийим-кече, электр буюмдары, матрац жана чатырлар жеткирилет. Жалпы 300 тонна жүк президенттин тапшырмасы менен даярдалган.

Казакстандын бир канча районунда миңге жакын үйдү суу каптаган. 26-марттан бери сел каптаган аймактардан 19 миңдей киши коопсуз жерлерге чыгарылды. Райондордо өзгөчө кырдаал жарыяланган. Учурда жергиликтүү басылмалар сел каптаган аймактарда абал кооптуу бойдон калууда деп жазып жатышат.

Белгилей кетсек,  Казакстандагы суу каптоодон улам 16 миңдей эл, 6000 жаш бала эвакуацияланган. Убактылуу пункттарында 4 миңден ашуун жаран, 200дөй бала жайгашкан.

Автор: Болот кызы Зыягүл > 39 статей