БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстан Казакстанга дагы 150 тонна гумжардам жөнөттү

Кыргызстан Казакстанга дагы 150 тонна гумжардам жөнөттү

Сүрөт: ӨКМ

Казакстандын суу ташкындан жабыркап жаткан аймактарына "Жардам кербени" деген аталыштагы гуманитардык жардамдын экинчи бөлүгү жөнөтүлдү. Бул тууралуу 14-апрелде Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. 

Гумжардамга президенттин резервдик фондунан акча бөлүнүп, элдин күчү менен жыйналган. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган кербенде Кыргызстанда өндүрүлгөн 150 тонна сүт азыктары бар (айран, каймак, "Крестьянское" сары майы, "Особое" майы, Голландия сыры, жана кургак сүт)

Кыргызстан 6-апрелде гуманитардык жардамдын алгачкы партиясын Казакстанга жиберген. Күрүч, кумшекер, кесме, таттуу азыктары, кийим-кече, электр жылыткычтары, төшөнчү жана чатырлар өңдүү 300 тонна жүк менен жөнөтүлгөн. Алар Костанай, Актөбө, Орал (Уральск), Атырау облустарына бөлүштүрүлгөн. 

Казакстандын алты аймагында суу ташкыны болуп, төрт миңге жакын үйдү суу каптап, 100 миңге жакын адам эвакуацияланды. Бийлик калктуу конуштардын жана аймактардын суу каптоосун, автожолдордун жуулушун табигый кырсык катары сыпаттады. 

Президент Касым-Жомарт Токаев акыркы 80 жылда мындай масштабдагы суу ташкыны болбогонун билдирген Ал 6-апрелдеги жарандарга кайрылуусунда жабырлануучулардын бардыгына материалдык жана башка зарыл жардамдар көрсөтүлүп, бардык материалдык чыгымдын орду толтуруларын билдирген.

Автор: Максат Боромбаев

Автор: Т-Медиа > 354 статей