БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстан Казакстанга жөнөткөн гумжардам төрт облуска бөлүштүрүлдү

Кыргызстан Казакстанга жөнөткөн гумжардам төрт облуска бөлүштүрүлдү

Сүрөт: ӨКМ

Кыргызстандан Казакстандагы суу ташкынга байланыштуу жөнөтүлгөн гуманитардык жардам Костанай, Актөбө, Орал (Уральск), Атырау облустарына бөлүштүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 

Бишкектен барган "Жардам кербенин" бир бөлүгү 10-апрлде Атырау облусундагы логистикалык борборго жеткирилип, казак куткаруучулардын жана ыктыярчылардын жардамы менен түшүрүлдү. 

Күрүч, кумшекер, кесме, таттуу азыктары, кийим-кече, электр жылыткычтары, төшөнчү жана чатырлар өңдүү 300 тонна жүк менен 15 фура 6-апрелде Бишкектен Казакстанга жолго чыккан. Андан тышкары он куткаруучу да жөнөтүлгөн.

Акыркы күндөрү Казакстанда суу ташкынынан улам 70 миңден ашуун адам коопсуз жактарга эвакуацияланды. Атырау, Актөбө, Акмоло, Кустанай, Батыш Казакстан, Түндүк Казакстан жана Павлодар облустарында миңдеген турак жай, короолорду суу саптады. Жекшембиде Күлсары шаарында эки кишинин сөөгү табылганы кабарланган.

Автор: Т-Медиа > 354 статей