БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Дүйнө чемпионатына тандоо: Кыргызстан-Малайзия беттеште тең чыкты

Дүйнө чемпионатына тандоо: Кыргызстан-Малайзия беттеште тең чыкты

Сүрөт: Султан Досалиев

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылдагы футбол боюнча Дүйнө чемпионатына тандап алуу оюнунда Малайзия менен беттешип, 1:1 эсебинде тең чыкты. Оюн 6-июнда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков стадионунда болду. 

Беттештин 24-мүнөтүндө кыргызстандык чабуулчу Гүлжигит Алыкулов алгачкы голду киргизип, эсепти ачты. Ал эми 38-мүнөттө бурчтан Кыргызстандын дарбазасына урулган соккуну Валерий Китчин башы менен тосом деп өз дарбазасына киргизип алды.

Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарында Кыргызстан D тайпасына Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Оман курамалары менен жайгашкан. Азыр 12 упай менен Оман биринчи, 10 упай топтогон Кыргызстан экинчи орунда келатат. Малайзияда жети упай бар. Кытай Тайбэйи бир да упай ала элек.

Кыргызстандын курамасы жыйынтыктоочу турдун алкагындагы 11-июнда Оманга каршы ойнойт.

Дүйнө чемпионатынын үчүнчү туруна жана 2027-жылы боло турган Азия кубогуна тайпадан биринчи жана экинчи орунда алган курамалар чыгат.

Дүйнө чемпионаты 2026-жылы АКШнын, Мексиканын жана Канаданын 16 шаарында өтөт. Ага 48 курама команда катышат.

Автор: Осмонова Айдана > 603 статей