БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстан медалдар боюнча канчанчы орунда?

Кыргызстан медалдар боюнча канчанчы орунда?

Сүрөт: интернеттен алынды

Бүгүн XXXIII жайкы Олимпиада оюндарынын акыркы күнү. Анда кыргызстандык Айпери Медет кызы менен Сардана Трофимова мелдешке чыгат.

Айпери Медет кызы 76 кг салмакта коло медаль үчүн күрөшөт. Ал эми Сардана Трофимова марафондо чуркамакчы.

Кыргызстан медалдык тизмеде 2 күмүш, 4 коло медаль менен 91 өлкөнүн ичинен 68-орунга жайгашты. Коңшу Өзбекстан 13, Казакстан 41, Тажикстан 79-орунда турушат. 1-орунга 39 алтын, 27 күмүш, 24 коло медаль менен Кытай өлкөсү жайгашкан. Олимп оюндары жыйынтыкталганга чейин тизме дагы өзгөрүшү мүмкүн. Алдыда бир топ медалдар топтому ойнотулуп жатат. Эске салсак, өлкө намысын Париж Олимпиадасында 16 спортчу коргоодо.

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 69 статей