БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстан менен Орусиянын энергетика министрлери кызматташуу меморандумуна кол койду

Кыргызстан менен Орусиянын энергетика министрлери кызматташуу меморандумуна кол койду

Сүрөт: Кыргызстандын энергетика министрлиги

Бүгүн, 30-мартта Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Орусиянын энергетика министри Николай Шульгинов "Чалдовар" жылуулук элекстр станциясынын курулуш долбоору боюнча кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту. 

Министрликтин маалыматына караганда, документ "Чалдовар"  жылуулук элекстр станциясынын курулуш долбоорун ишке ашыруунун алкагында кыргыз-орус ыйгарым укуктуу уюмдарынын кызматташуусуна багытталган.

Мындан сырткары Кыргызстандын аймагында генерациялоочу кубаттуулуктарды модернизациялоо жана куруу жаатында башка келечектүү долбоорлорду иштеп чыгуу да каралаган.

Кыргызстанда электр энергиясы негизинен суудан алынат. Сууга альтернативдүү түрдө шамалдан жана күндөн энергия алуучу станцияларды куруп, ишке киргизүү буга чейин да сунушталып келген.

Автор: Улукбек кызы Асем > 336 статей