БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстан менен Тажикстан чек арада дагы 11,88 чакырымды макулдашты

Кыргызстан менен Тажикстан чек арада дагы 11,88 чакырымды макулдашты

Сүрөт: Кыргыз Өкмөтү

Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топтору 17-декабрдан 23-декабрга чейин Тажикстандын Бустон шаарында жолугушту. Алар кыргыз-тажик чек арасынын дагы 11,88 чакырымы боюнча макулдашканын Министрлер кабинети билдирди.

Маалыматка караганда, калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти эми өкмөттүк делегациялар Кыргызстанда өтө турган кийинки жолугушууда улантат.

Чек араны тактоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк жумушчу топторунун соңку жолугушуусу 11-17-ноябрда Баткен шаарында болгон. 

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин чек аранын 519 чакырымы такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан.

Буга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов 12-декабрда Баткенде жолугушуп кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашкан. Анын соңунда Ташиев менен Ятимов атайын билдирүү жасап, кыргыз-тажик чек арасынын 90% макулдашканын билдиришкен. 

Президент Садыр Жапаров 11-декабрда Баткендин Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөп жатып, Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айына чейин такталып каларын белгилеген.

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей