БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстан рактан каза болгондордун саны боюнча Борбор Азияда биринчи орунда турат

Кыргызстан рактан каза болгондордун саны боюнча Борбор Азияда биринчи орунда турат

Сүрөт интернеттен алынды

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстан рак илдетитинен каза болгон адамдардын саны боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында биринчи орунга чыкканын кабарлады. Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө жыл сайын 5500гө жакын кишиден онкологиялык оору аныкталууда.

Жыл сайын аялдар арасында жатын моюнчасынын рагы менен 600 учур аныкталса, анын 300ү каза табат. Министрлик дартты эрте аныктоо жана оорунун өрчүп кетишин алдын алуу үчүн алгачкы белгилери тууралуу калкка маалымат берип, үзгүлтүксүз текшерүү жүргүзүп туруу зарыл экенин белгиледи.

Буга чейин "Т-Медианын" дата бөлүмү Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянып рактын кайсы түрү көп жайылып жатканын жана кайсы курактагыларда көп кездешерин анализдеген. Анализ көрсөткөндөй, илдетке басымдуу аялдар чалдыгууда.

Рак — бул адамдын денесинин бардык бөлүгүн камтыгын оорулардын кеңири тобунун жалпы аталышы. Оорулардын категориясына карата «зыяндуу шишик» жана «жаңы шишик» деген терминдер да колдонулат. Шишик кайсы органда пайда болгонуна карап, ошол органдын рагы деп айтылат. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей