БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстанда 1-марттан баштап мүлктү каттоо онлайн жүргүзүлөт

Кыргызстанда 1-марттан баштап мүлктү каттоо онлайн жүргүзүлөт

Сүрөт интернеттен алынды

Өлкөдө 1-марттан баштап кыймылсыз мүлктү каттоо онлайн режиминде жүргүзүлөт. Долбоор пилоттук болуп, жыл соңуна чейин созулат. Мындай чечим  Министрлер кабинетинин 16-февралдагы жыйынында кабыл алынды.

"Аталган токтом санариптик технологияларды өнүктүрүү үчүн жакшы шарттарды түзүү үчүн кабыл алынган. Ошондой эле жарандарга санариптик форматтагы кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максаталууда", -деп айтылат маалыматта.

Аталган долбоорду ишке ашыруу милдети Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигине тапшырылган.

Буга чейин биринчи этапта батирлер онлайн каттоодон өтүп  сыналары айтылган. Анткени архивде толук санариптешкен документтер бар болгондуктан жер тилкенин чек арасын макулдашуу талап кылынбайт.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей