БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Министрлик өлкөдө электр энергияны колдонуу рекорддук чекке жеткенин билдирди

Министрлик өлкөдө электр энергияны колдонуу рекорддук чекке жеткенин билдирди

Сүрөт интернеттен алынды

11-12-декабрда өлкөдө электр энергияны колдонуу рекорддук чекке жетти. Бул тууралуу 13-декабрда Энергетика министрлиги маалымдады.

Маалыматка караганда, электр энергиясынын суткалык керектөөсү 78,931 миллион киловатт-саатка жетип рекорд жараткан. Буга чейинки рекорд 73,370 миллион киловатт чегинде былтыр 14-декабрда катталган. 

"Учурда электр энергиясын ашыкча колдонгон аймактарда, электр тармагындагы жабдуулар ашыкча жүк келүү менен иштөөдө. Мындай учурда энергетиктер ошол жердеги абоненттердин электр энергиясын башка линияга (фидерге) которгонго чейинки аралыкта 1-2 сааттык убакытты талап кылат. Бул учурда электр жарыгы убактылуу үзгүлтүккө учурайт. Эгерде энергетиктер мындай чара көрбөсө, кымбат баалуу энергетикалык жабдуулар иштен чыгып калышы мүмкүн", -деп жазылган маалыматта.

Ошондой эле Токтогул суу сактагычында жылытуу мезгилине карата 13,257 милиард куб метр суу топтолгон. Электр энергияны керектөөнүн кескин өсүшүнөн улам бүгүнкү күнгө бир миллиард куб метрден ашык суу иштетилип кеткен.

"Эгерде энергияны колдонуу ушундай темп менен кетсе, анда кышкы жылытуу мезгилинин бүтүшүнө чейин суунун көлөмү 6 миллиард куб метрге чейин төмөндөшү ыктымал. Бул деген 2025-жылдын 1-апрелине карата Токтогулдагы суунун көлөмү 6,5-6,2 миллиард куб метрди түзүп, кооптуулукту жаратышы мүмкүн", - деп айтылат билдирүүдө.

Мындан улам министрлик колдонуучуларды эртең менен жана кечинде электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырган.

Автор: Улукбек кызы Асем > 428 макала