БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстанда орточо айлык 33 миң 664 сомду түздү. Кайсы тармактарда канча кошулду?

Кыргызстанда орточо айлык 33 миң 664 сомду түздү. Кайсы тармактарда канча кошулду?

Иллюстративдик сүрөт

Ушул жылдын январына карата Кыргызстанда орточо айлык акы 33 миң 664 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин сайтында жарыяланды. 

Маалыматка караганда, өлкөдө өткөн жылдын январына салыштырмалуу маяна 12,7 пайызга өскөн. Алардын эң олуттуу жогорулашы дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоодо 58,3 пайыз болгон.

Кыргызстанда 2023-жылдын январь-май айларында орточо айлык акы 31 миң 330 сом болгон. Былтыр эң олуттуу өсүш искусство, мамлекеттик башкаруу жана коргонуу, кыймылсыз мүлк, маалымат жана коммуникациялар, билим берүү, коомдук тамактануу, дүң жана чекене соода, унаа оңдоо, жүк ташуу жана сактоо тармагы, ошондой эле саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө тармагында байкалган. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей