БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу сынагына сурдокотормо киргизилди

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу сынагына сурдокотормо киргизилди

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстанда угуу жана сүйлөөсү начар адамдарга айдоочулук күбөлүк алууда теориялык экзаменде сурдокотормо жеткиликтүү болду. Бул ушул жылдын декабрынан тарта ишке киргенин Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, угуусу начар курсанттар экзамендин теориялык бөлүгүн кесипкөй сурдокотормочунун жардамы менен видео аркылуу тапшыра алышат. Бул аларга маалыматты оңой кабыл алууга жана жол кыймылынын эрежелери боюнча билим сынагынан ийгиликтүү өтүүгө жардам берет. Экзамендин бардык баскычтарында сурдокотормо берилет. Анын ичинде нускамалар жана суроолорго жооп берилет.

Мекеме бул кадам "Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому" бирикмеси менен биргеликте ишкк ашып жатканын кошумчалады. 

Сурдокотормо - бул майыптыгы бар адамдарга сөздү колдун жана манжалардын кыймылы менен түшүндүрүү ыкмасы.

Автор: Т-Медиа > 390 макала