БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстанда бир мугалимге 16 окуучу туура келет

Кыргызстанда бир мугалимге 16 окуучу туура келет

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстандагы жалпы билим берүү уюмдарында бир мугалимге орточо 16 окуучу туура келет. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети мугалимдер күнүнө карата берген маалыматында билдирди.

Шаардагы мектептерде 19 окуучу туура келсе, ал эми айылдарда 14 окуучу болот.

Өлкөдө 5 миңге жакын бала бакча, мектеп, жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелери бар. Анда жалпы 118 миңдей педагог иштеп жатат. Мугалимдердин 86 пайызы аялдар. 

Орто мектептерде 90 миңден ашык мугалим иштесе, анын ичинен 30 миңден көбү шаарларда, 63 миңден ашууну айыл жерлеринде эмгектенет.

Мугалимдер күнү жыл сайын 5-октябрда дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөлөрүндө майрамдалат. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 349 статей