БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Кыргызстанда чет өлкөлүк мигранттарга жаңы жобо иштелип чыкты

Кыргызстанда чет өлкөлүк мигранттарга жаңы жобо иштелип чыкты

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстанда 2025-жылдын 1-январынан тартып пилоттук долбоордун алкагында чет өлкөлүк жумушчулар үчүн “Бирдиктүү уруксат” жобосу ишке кирет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги 9- декабрда маалымдады.

1-январынан тартып чет элдик жарандар же алардын жумуш берүүчүлөрү квота жана эмгек визасын алуу үчүн “Электрондук виза” (www.evisa.e-gov.kg) порталы аркылуу “Бирдиктүү уруксатка” кайрыла алышат. Документ карап чыгуу мөөнөтү жети күнгө чейин кыскартылат.

Жаңы жобо мурдагы уруксатты жана эмгек визасын камтып, “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча жүргүзүлөт.

“Бирдиктүү уруксат” үчүн төлөм эмгек визасынын жана бир жылдык иштөөгө уруксаттын баасын камтыйт жана өтүнмө берүү учурунда төлөнөт. 

Чакырган тарап чет элдик жарандын Кыргызстанда мыйзамдуу жүрүүсү үчүн кепилдик төлөмүн да төлөйт. Бирок виза же уруксат берилбесе, ал акча кайтарылбайт.

ТИМдин маалыматына ылайык, бул чаралар миграциялык процесстерди тартипке келтирүүгө жана мониторинг жүргүзүү системасын реформалоого багытталган.

Автор: Улукбек кызы Асем > 422 макала