БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстанда эки нөөмөт менен иштеген 500 бала бакча ачылат

Кыргызстанда эки нөөмөт менен иштеген 500 бала бакча ачылат

Сүрөт: sputnik.kg

Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча уюштурулууда. Анын ичинен 290нунун имаратын жергиликтүү бийлик берген. Учурда аларды оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканын Дүйнөлүк банктын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, дагы 270 бала бакчаны курууга тендер жарыяланды.

 

Бул бала бакчаларда наристелер күндүз үч саат болушат. Негизги көңүл балдарды өнүктүрүүгө бурулуп, тамак берилбейт жана балдар бакчада уктабайт. Эки нөөмөт менен (эрте менен жана түштөн кийин) эки эсе көп баланы камтый алат. Бакчаларды уюштуруу Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашууда.

22-ноябрда Билим берүү жана илим министрлигинин жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Чүй облусунун Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунда түзүлүп жаткан бала бакчалардагы оңдоо иштери менен таанышты. Анда кыска мөөнөттүү бакчаларды түзүү үчүн айыл өкмөттөр тарабынан сунушталган имараттардын базасында санитардык-гигиеналык шарттарды жана оюн бөлмөлөрүн түзүү боюнча иштер, ошондой эле куруучу компаниялар тарабынан айлана-чөйрөнү жана социалдык чөйрөнү башкаруу планы боюнча Дүйнөлүк банктын социалдык-экономикалык стандарттарынын сакталышы каралды.

Кыска убакыттагы бала бакчалар Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан "Келечек үчүн билим берүү" жана "Окутуунун негиздерин бекемдөө" долбоорлорунун алкагында түзүлүүдө.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, Кыргызстанда 1-6 жаштагы 960 миңдей баланын 740 миңдейи бала бакчага барбайт.

Автор: Т-Медиа > 354 статей