БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстанда электр энергиясы көп пайдаланылган учурда чектөө киргизилиши мүмкүн

Кыргызстанда электр энергиясы көп пайдаланылган учурда чектөө киргизилиши мүмкүн

Интернеттен алынды

Кыргызстанда электр энергиясы көп пайдаланылган учурда чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу 6-мартта "Улуттук электр тармагы" ишканасынан кабарлашты.

Чектөөлөр эртең мененки саат алтыдан тогузга чейин, кечиндеси 18:00дөн 21:00гө чейинки убакта кириши мүмкүн. Буга Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринин гидроагрегаттарын реконструкциялоо башталгандыгы себеп болгон. 

Аталган гидроагрегаттарды реконструкциялоо 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине чейин ийгиликтүү аяктоо максатында ушул жылдын 5-мартына башталган. "Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоо"долбоору Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей