БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Кыргызстанда электрондук тамекини колдонууга тыюу салынды
Кыргызстанда 2025-жылдын июль айынан тарта электрондук тамекини ташып келүүгө, жүгүртүүгө жана колдонууга тыюу салынат. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Мыйзамга ылайык, электрондук тамекини колдонгон жеке жактарга 10 миң сом юридикалык жактарга 60 миң сом айып салынат. Ал эми аны саткан жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң айып пул салуу каралган.
Электрондук тамекини олутуу өлчөмдө ташып келгендер эки айдан бир жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартылат же бир жылга чейин белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыроо менен 100–120 миң сом айыпка жыгылат.
Бул мыйзам долбоорду Жогорку Кеңеш 23-октябрда кабыл алган.
Автор: Осмонова Айдана > 795 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat